• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Сауд Арабия тажикстандыктар үчүн ажылык квотаны көбөйттү

9 Үчтүн айы 20248:57 Бишкек Govori.TV

Сауд Арабиясы 2024-жылы Тажикстандагы мусулмандар үчүн ажылык квотасын 7 миң адамга көбөйттү.

Макулдашууга 8-январда жетишилди.

Жыл сайын Тажикстандын 6 миңден ашыгыраак жараны Меккеге зыяратка барат, аны Дин иштери боюнча комитеттин кызматкерлери уюштурат.

Былтыр ажылык сапардын баасы бир кишиге 5 миң доллардан жогору деп белгиленген. Быйылкы чыгым азырынча белгисиз. Тажикстанда бийликтин монополиясы, зыяратчыларга түзүлгөн тоскоолдуктар сынга алынып келет.

Баага жана уюштуруу шартына нааразы болгон мусулмандар зыяратка Орусия же Өзбекстан аркылуу барууга аракет жасап келишет.

Количество просмотров: 77