АКШ жана Орусиянын жогорку расмий өкүлдөрү Украинадагы согушту токтотуу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. Сауд Арабиясындагы жолугушууга Киев чакырылган жок.
Президент Владимир Зеленский Украина катышпаган тынчтык сүйлөшүүлөрүн тааныбай турганын айтты. Зеленский Орусия баскынчылыктын башында Украинага ультиматум коюп, армиянын санын кыскартууну, айрым аймактардан баш тартууну жана орусиячыл жетекчиликти дайындоону талап кылганын эске салды.
«Азыр ошондой эле шарттар боюнча кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болуп жатат, ошол эле маанайда жүрүп жатат, бирок Украина боюнча сүйлөшүүлөр Россиянын өкүлдөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда болуп жатат», — деп Зеленскийдин айтканын DW келтирди.
Орус-америкалык сүйлөшүүлөр 4,5 саатка созулду.
Сауд Арабиясындагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бул жолугушуу Украинадагы согушту токтотуу үчүн “узун жана татаал жолдогу алгачкы кадам болгонун”, делегациялар төрт принцип боюнча макулдашканын билдирди.
Атап айтканда, жылдарга созулган санкциялар, дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу көрүнүштөрүнөн кийин Вашингтондогу жана Москвадагы дипломатиялык миссияларды толук калыбына келтирүү, Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө жогорку деңгээлдеги чабармандарды даярдоо, уруш аяктагандан кийинки геосаясий жана экономикалык кызматташтыкты талкуулоо жана Эр-Риядга барган делегациялардын болочоктогу талкууларга да катышуусун камсыздоо жөнүндө макулдашуу болду.
Рубио Украина боюнча тынчтык келишимине бардык тараптар — Орусия, Украина жана Европа — макул болууга тийиш деп белгилеп, Еврошаркет “кайсы бир учурда” тынчтык жараянына кошулушу керек экенин кошумчалады.
«Бул жаңжалга адилет, бекем, туруктуу, бардык кириптер тараптар кабыл алгыдай жол аркылуу чекит коюу максатын көздөйбүз. Ал кандай болот? Дал ушул маселени биргелешип чечебиз», — деди Американын башкы дипломаты.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жыйынды “абдан пайдалуу” деп атап, Москва атайын чабарманын тез арада дайындарын билдирди.
“Орусиянын АКШдагы элчисин жана Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчисин дайындоону камсыздоо шашылыш жана биринчи кезекте чечилчү маселелердин бири», — деди Лавров.
Ал эми орус президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков кездешүү “жакшы өткөнүн” айтты. Ал белгилегендей, Украина боюнча АКШ менен терең сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин орус президенти Владимир Путин кабыл алат.