• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сауд Арабиясы Тажикстан үчүн ажылык сапардын квотасын дээрлик эки эсе азайтты

25 Чын куран 2022 19:00 Бишкек Govori.TV

Сауд Арабиясы быйылкы ажылык сапарга Тажикстан үчүн 3,5 миң квота бөлдү. Коронавирус пандемиясына чейин Тажикстандан ажылык сапарга 6 миңге чейин адам барып турган.

Бул жолу Сауд Арабиясы ажыга барчулардын жаш курагы 65 жашка чейин, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн жана бул инфекциядан таза экенин тастыктаган тести бар болушу керектиги белгиледи.

Быйыл ажылык сапар 7-июлда башталып, 12-июлга чейин уланат.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы убактылуу токтоткондон бери чет өлкөлүктөр ажылык сапарга бара элек.

Количество просмотров: 137