Сауд өнүктүрүү фонду Рогун ГЭСинин курулушун каржылоону улантат жана анын тез арада курулуп бүтүшүнө кызыкдар. Бул тууралуу аталган фонддун башкы директору Султан Абдурахман Аль-Маршад 4-декабрда Душанбеде тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолукканда билдирди.
ТАСС агенттиги «Тажикстан» телеканалына шилтеме кылып, сауд фонду «Тажикстанга кызыккан башка донорлор менен биргеликте» долбоорду кыржылоону улантууга ниеттенип жатканын жазды.
Быйыл ноябрдын башында Сауд Арабиясы Рогун ГЭСинин курулушу үчүн Тажикстанга жеңилдетилген шарттар менен 100 миллион доллар насыя берүүгө даяр экенин билдирген. Анда бул насыянын шарттары айтылган эмес.
3 600 мегаваттык Рогун ГЭСинин курулушу аяктаса, ал Борбор Азиядагы эң ири гидроэлектрстанциясы болуп калат жана Тажикстандагы электр энергиясынын өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүүгө шарт түзөт. ГЭСти куруу долбоору 1974-жылы иштелип чыгып, плотина курулушу 1987-жылы башталган.
Тажикстандагы жарандык согушка байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтоп, 2010-жылы улантылган. 120 МВт кубаттуулуктагы биринчи агрегат 2018-жылы ноябрда, экинчи агрегаты 2019-жылы сентябрда ишке берилген. Жалпысынан ар биринин кубаттуулугу 600 МВт түзгөн алты агрегат орнотуу пландалган. Анын акыркысы 2029-жылы ишке берилет деп күтүлүүдө.