• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Саунада кыздар менен эс алып жүргөн милиционер кызматтан алынды

16 Бугу 2023 9:51 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарга белгисиз бөлмөдө формачан милиция кызматкери жана анын жанында жарым жылаңач кыздар отурганы тартылган видео боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, видеодо милиция кызматкери Кант шаарындагы сауналардын биринде экени айтылган.

«Териштирүүдө видеого тартылып калган формачан кызматкер, Ысык-Ата райондук ИИБдин кызматкери милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү экендиги аныкталган. Кызматтык иликтөөнүн корутундусу боюнча Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин 2023-жылдын 13-майындагы буйругу менен: «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын, укук коргоо органдарынын Тартиптик уставын, ИИОнун Ички кызматынын уставын бузгандыгы үчүн, Ысык-Ата райондук ИИБдин МАБдын милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү А.Д. укук коргоо органдарынын кызматынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, кызматкерлердин ишине тийиштүү көзөмөл болбогондугу үчүн, Ысык-Ата райондук ИИБдин жетекчилигине жана жооптуу кызматкерлерге «катуу сөгүш», «сөгүш» тартиптик жазалары жарыяланган (жалпы 8 кызматкерге тартиптик жазы берилген).

Количество просмотров: 90