• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Саясатчылардын үйүн тинтүү. ИИМ маалымат таратты

23 Тогуздун айы 2022 14:55 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.
Кылмыш иши боюнча шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүргүзүлүүдө.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн бир күн мурда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитетинин көптөгөн мүчөлөрүнүн үйүндө тинтүү иштери жүрдү. Асия Сасыкбаева, Эрлан Бекчороев, Али Шабдан, Рита Карасартова, Равшан Жеенбеков жана башка активисттер менен саясатчылар РИИБге жеткирилди.

Количество просмотров: 204