Саясаттан кеттим деген экс-депутат Өмүрбек Бабановдун сүрөттөрү акыркы учурларда социалдык тармактарда байма-бай тарап баштады. Бул тууралуу пикирлер коомчулукта айтылып, биротоло саясаттан кеттим деген Бабанов кайрадан саясатка кайтып келеби деген суроолор берилүүдө.
Бул жолу мурунку депутат менен түшкөн сүрөтүн Назарали Арипов фейсбук баракчасына жайгаштырып, «Биздин багыт — Алдыга жол!», — деп жазып койгон.
Алгач Бабанов дарыгерлер менен ыктыярчыларга “Даңк аллеясынан” жылдыз тапшыруу аземине келип катышуусу, коомдун талкуусуна алынган. Андан соң партиянын мүчөсү ЖК депутаты Руслан Казакбаевдин соцтармактагы баракчасына Бабанов менен чоогу түшкөн сүрөтүн жарыялап, “Кымбаттуу, сыймыктуу досум! Кош келдиң!”, – деп жазуусу коомчулуктун кызыгуусун арттырып, суроолорду жараткан эле.
Эске салсак, Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо жеңишке жетпей калгандан кийин, саясаттан кеттим деп, өлкөдөн чыгып кеткен. Эки жылга жакын сыртта жүргөн экс-депутат Кыргызстанга кайтып келген, бирок саясатка кайпаарын билдирип, ишкерлик менен алек болоорун кошумчалаган.