Бишкек.26.03.2019.Govori.TV.
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына Экинчи саясий департаменттин жаңы директорун – Макеев Толенды Картанбаевичти тааныштырды.
Макеев Т.К. Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган (1980-ж.). Буга чейин КР ТИМ түзүмүндө түрдүү кызмат орундарда эмгектенип келген (1991-жылдан тартып). 2005-2010-жж. ШКУ боюнча Кыргызстандан Улуттук Координатор болуп, ал эми 2010-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси болуп иштеген. Немис жана англис тилдерин билет.