Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жарандык позициясын көрсөтүү, моралдык колдоо үчүн барган. Бул тууралуу ал Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын 19-сентябрдагы жыйынында билдирди. Ал Кой-Ташка барган учурда бийликти басып алуу жана түндүк-түштүк маселеси козголбогонун айтты. Саясат тууралуу мурдагы президент менен сүйлөшпөгөнүн кошумчалады. Комиссия мүчөлөрүнүн суроосуна жооп берип жатып, Сегизбаев Атамбаевдин тарапташтарына бир жолу мал союп бергенин ырастады:
— Мен барганда айылдаштар көп экен. «Тамак-аш жагынан кыйын болуп жатат» деп айтышкан. Бир мал союп бергеним чын.
Сегизбаев өзү да Кой-Ташта жараат алганын, бутуна желим ок тийгенин билдирди. Кой-Таштагы окуяларга, ошол учурда Алмазбек Атамбаевдин тергөөгө барбай жатканына жана УКМКнын «Альфа» тобунун аракеттерине баа бере албай турганын айтты. Муну учурда тергөө жүрүп жатканы менен байланыштырды.