Бүгүн УКМКнын мурунку төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин штабынын кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, телефондору жана компьютерлери конфискацияланган. Бул тууралуу саясатчынын социалдык тармактагы баракчасында маалымдалат.
Белгилүү болгондой, штабдын эки кызматкерин Токтогулова менен К.Мукашев УКМКнын тергөө бөлүмүнө суракка алып кетишти. Кошумчалангандай, Сегизбаевдин жубайын да суракка чакырышкан.
Эске салсак, УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаева сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, 25-мартка чейин камакка алынган. Сегизбаев Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айыпталууда.