• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Сейф уурдаган шектүү кармалды

19 Аяк оона 2023 16:38 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда акча салынган темир сейф уурдалып, кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-август күнү Аламүдүн РИИБине арыз менен 1991-жылы туулган Р.А. аттуу жаран кайрылып, Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан соода ишканасынын аймагына мыйзамсыз кирип, ошол жердеги эки кабаттуу имараттын ичинен 38 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты жана документтер бар болгон темир сейфти жашыруун түрдө уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Аламүдүн РИИБине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө сырткы жана ички видеобайкоо камераларынын жазуулары алынып, жыйынтыгында 4-5 шектүү адамдардын болжолдуу фотопортреттери жана Бишкек шаарынын, Чүй облусунун аймагында жүрүшкөн көк түстөгү «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа аныкталган.

«2023-жылдын 31-августунда Чүй облусунун ИИББнын жана жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Ж.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ыкчам тинтүү учурунда шектүүнүн туугандарынын үйүнөн 22 000 сом накталай акча, алтын буюмдар жана 2023-жылдын 24-августунда No 533 саны менен 250 000 сом накталай акчаны которгон үчүн квитанция табылып, алынган. 2-сентябрда кылмышка шектүү Ж.С. аттуу жаранга айыбы угузулуп, Аламүдүн районунун Тергөө судьясынын чечими менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда бул кылмыштын калган шериктерин аныктоого багытталган мындан аркы тергөө ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 82