• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Семетей Талас уулунун кармалышы боюнча ИИМ комментарий берди

2 Жетинин айы 2022 13:39 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Семетей Талас уулунун кармалышына байланыштуу комментарий берди. Милиция тараткан маалыматка ылайык, журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталган.

«Комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган» деген кортунду чыгарылган. Семетей Талас уулу Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилди, ишти иликтөө уланууда», — деп жазылат билдирүүдө.

Семетей Талас уулу милиция кызматкерлери тарабынан кармалгалып, Тергөө башкармалыгына алынып келингенин өзү соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлаган. Андан соң ал 48 саатка камалган.

Эске салсак, 18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишкен. Кийин УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп болгону айтылган. Журналист Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды таратуу» деген берененин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген.

Количество просмотров: 257