• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Жанабилова: Видеодогу келинден тил уккан дарыгер иштен алынган жок, ал декретке кетти

15 Үчтүн айы 202012:36 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасынын бейтаптарды кабыл алган айрым дарыгерлери ишке чыкпай коебуз деп коркутушууда жана буга себеп жакында эле баласын көрсөткөнү келген жарандын дооматынан кийин дарыгердин иштен кетүүсү болду деген маалымат тараган.

Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова Govori.TVга жооп берип, дарыгерлер иш таштап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт жана видеодогу врач жумуштан кетпей эле жаш баласын кароо үчүн декреттик өргүү алганын билдирди.

Биз канча жылдан бери эле иштеп келебиз, анан мындай көрүнүш үчүн иш таштамак белек. Андай пикир келишпестиктер дайым эле болот. Мен жаңы эле текшерүү кылдым, баардык врачтар күндөгүдөй эле иштеп жатышат. Ал эми интернетте тарап жаткан иш таштоо тууралуу маалыматтар калп. Видеодогу дарыгердин кичинекей баласы бар болгондуктан, аны кароо үчүн декреттик отпуск гана алып кетти», — деди Гүлнара Жанабилова.

Эске салсак, ооруканадагы окуя тууралуу видео соцтармактарга жарыяланды. Анда балалуу аял дарыгердин жазып берген көрсөтмөсүнө макул болбой, клиниканын кызматкерлерине орой мамиле кылганы көрүнүп турат.

Количество просмотров: 252