• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сербия менен Босниянын  чек арасында 25 мигрантты ташыган кайык оодарылып кетти

22 Баш оона 202423:20 Бишкек Govori.TV

22-августта Сербия менен Босниянын  чек арасында 25 мигрантты ташыган кайык чөгүп кеткен.

18 киши жээкке жеткенин Сербиянын Тышкы иштер министри Ивица Дачич билдирди. Куткаруучулар табышкан 18 кишинин үчөө балдар болгон.

Полиция кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери дарыяда жана жээкте издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Сербия Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык дирекциясынын башчысы Борис Трнинич учурда үч мигранттын сөөгү табылганын билдирди.

Акыркы мезгилде Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы согуштардан жана жакырчылыктан качкан мигранттар көбүнчө Батыш Европага жетүү үчүн, аларды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүнү убада кылган аткезчилердин курмандыгына айланган окуялар көп катталып жатат.

Босния полициясы трагедияга себепкер болгон аткезчилерди аныктоо жана кармоо аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Теги:
Количество просмотров: 104