• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Ш. Токтосунов: Жапаровдун ишинде жаңы ачылган жагдайлар боюнча сотко кайрыла элекпиз

4 Теке 2019 18:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.

Коомчулукта Садыр Жапаров эркиндикке чыгат деп айтылып жаткан сөздөрдү анын адвокаты Шарабидин Токтосунов элдин үмүту катары баалады.

Адвокаттын айтымында Жапаровдун ишинде жаңы ачылган жагдайлар бар, бирок алар сотторго азырынча кайрылышпайт.

«Жаңы жагдайлар көп. Бизде сотко доо арыз даяр, бирок сотко ишеним жоктугунан азырынча арыз бере элекпиз. Эгер Жогорку сот чечимди өзгөртпөгөндө биз Биринчи май райондук сотуна кайрылмакпыз. Алар чечимди өзгөртүп койбодубу. Эми биздин жаңы жагдай боюнча кайра Жогорку сотко гана кайрылууга укугубуз бар»,-деди жактоочу.

Эске салсак, Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Количество просмотров: 6