Бүгүн, 28-сентябрда калаа мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.
Көчмө жыйында Свердлов районундагы Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки Гоголь көчөсүнүн эки тарабындагы жолду жана тротуарды оңдоо иштерин текшерди.
Мындан тышкары, Сүйүмбаев көчөсүн бойлой жолду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштеринин жүргүзүлүшү каралды.
Октябрь районунда жолдун Жукеев -Пудовкин көчөсүнүн БЧК аркылуу өтүүчү көпүрөнүн уландысынын курулушун текшерди, жолдун узундугу 1200 метрди түзөт.
Борбор калаа башчысы аткарылып жаткан иштердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды.
Ошондой эле жолду капиталдык оңдоо иштери менен катар тротуарларды курууга өзгөчө көңүл буруу милдетин койду.
Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына тротуарларды курууга тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо, ошондой эле уруксатсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантуу тапшырылды.
Муниципалдык инспекцияга көрктөндүрүү эрежелерин бузган чарба жүргүзүүчү субъекттерге чара көрүү тапшырмасы берилди.
Райондордун акимдерине жолдорду капиталдык оңдоого байланыштуу бардык иштерди көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.