• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Шаардык кеңештин депутаты акча таратып жатат» деген маалымат боюнча милиция үн катты

11 Чын куран 2021 17:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы №1312 шайлоо участогунун жанында добуш сатып алуу фактысын видеого тарткан шаар тургунунан телефонун белгисиз жаран тартып алганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Жерине Свердлов РИИБдин кызматкерлери барышканда милицияга Н.А. аттуу жаран чалганы белгилүү болду. Бирок ал кимдир бирөөгө доо коюудан баш тартып, арыз жазган эмес.

» Н.А. аттуу жаран №1312 шайлоо участогунун жанында видео тартып баштаганда, анын жанына белгисиз бирөө келип, жолтоо болгонун билдирди. Н.А. ошол үчүн милицияга чалганын айтты. Шаар тургуну эч ким телефонун тартып албаганын, добуш сатып алуу фактысы тууралуу билбей турганын белгилеген. Ал телефону өзүндө экенин кошумчалады»,-деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда добуш сатып алууга айыпталган Ш.А. дагы окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн берген . Ал болжол менен саат 11:00 чамасында «Ынтымак» партиясынын байкоочусу катары шайлоо участоктун жанында турган. Ошол убакта ага эки белгисиз адам келип, провокация кылышкан. Ал коркуп, «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасынан чыгып, кетип калууну каалаган. Бирок бейтааныш адамдар ан коё бербей окуяны видеого тартып башташкан.

Ш.А. милицияга эч кимдин добушун сатып албаганын жана эч кимдин телефонун тартып албаганын билдирген.

Количество просмотров: 176