Социалдык түйүндөрдө шайлоого аттанган айрым партиялар менен шаардык кеңештин депутаты «добуш берүүгө келгендерге акча таратып жатат» деген видео тарады.
Видеонун автору белгисиз жарандын акча таратып жатканы уюлдук телефонго тартылганын айтып, аны доолап жатканын көрүүгө болот.
«Бул жигит биздин үгүтчүнүн телефонун тартып алып ыргытып келди. Шаардык кеңештин депутаты экен. Сен акча таратып жатканда тартып алган телефонубузду бер!», — деди видеонун автору.
Аталган жарандын артынан милиция кызматкерлери дагы келген. Жогорудагы видео кайсы шайлоо тилкесинен тартылганы азырынча белгисиз.