• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн документтерин тапшырган партиялардын саны 22ге жетти

21 Бирдин айы 2021 14:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн документтерин тапшырган партиялардын саны 22ге жетти. Бул тууралуу борбор калаадагы аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) маалымдады.

Маалыматка ылайык, шайлоого катышуучу партиялар ал тууралуу 1-мартка чейин аймактык шайлоо комиссиясына кайрылуусу тийиш.

Буга чейин Бишкек шаар кеңешине шайлоого катышуу ниетин “Замандаш”, “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясы, “Реформа”, “Биздин эл”, Коммунисттер жана “Ынтымак” партиялары билдирип, АШКга кайрылышкан. Булардан тышкары «Шайлоо эркиндиги», «Ишеним», «Ата Журт», «Бирге-Вместе», «Кыргызстан социал демократтары», «Патриот» жана Кыргызстандын Улуттук демократиялык партиясы, “Жашылдар”, «Ыйман нуру», «Легалайз», «Ата Мекен», «Эмгек», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Улуу Журт» партиялары да жергиликтүү кеңешке шайлоого катышуу үчүн арыз беришкен.

Кошумчалай кетсек, шаардык кеңеш менен башка дагы 448 жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде

Теги:
Количество просмотров: 155