• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шаардык сот Бузурманкуловду камакта калтырды

9 Жетинин айы 2022 17:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкуловдун баш коргоо чарасы каралып, сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ал эми камакта калган Бузурманкулов төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Эч кандай башаламандыкка үндөө болгон эмес. Коюлуп жаткан айыптар менен макул эмесмин, жөн гана каралоо болуп жатат», — деди Айбек Бузурманкулов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 91