• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Шаардык сот үч адамды өлтүргөн деп айыпталган Чынтемир Аширалиевге өкүм чыгарды

15 Үчтүн айы 2024 17:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту үч адамды өлтүргөн деп айыпталган Чынтемир Аширалиевди мүлкүн конфискациялоо менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу Октябрь райондук сотунун чечимин 15-январда күчүндө калтырды.

Эске салсак, бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык сотунда үч адамды өлтүргөн деген шек менен өмүрүнүн акырына чейин соттолгон Чынтемир Аширалиевдин ишин кароону улантты.

Соттук отурумда соттолуучунун адвокаты “сот коомчулуктун басымы менен гана акыйкатсыз өкүм чыгарып койгонун” айтты. Чынтемир Аширалиев окуя болгон күн эсинде жок экенин кайталап, “бирок балдарды ал өлтүрбөгөнүн” айтып, жазасын жеңилдетүүнү өтүндү.

Белгилей кетсек, Ашыралиев Бишкек шаардык сотуна райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп, жактоочусу апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Октябрь райондук соту 3-ноябрда аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Ашыралиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 190