• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шаардык сот иликтөөчү журналист Айке Бейшекееваны камакта калтырды

29 Жалган куран 202410:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Айке Бейшекееваны баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Соттун чечимине ылайык Бейшекеева 2024-жылдын 13-майга чейин камакта болот.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 137