• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024
айке

Шаардык сот иликтөөчү журналист Айке Бейшекееваны камакта калтырды

1 Бирдин айы 2024 14:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Айке Бейшекееваны 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Соттун чечимине ылайык Бейшекеева 2024-жылдын 13-мартына чейин камакта болот.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 97