• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шаардык сот Ырыс Жекшеналиевди үй камагына чыгарды

26 Тогуздун айы 2022 17:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаардык соту блогер Ырыс Жекшеналиевди үй камагына чыгарды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-октябрда Жекшеналиевди 14-декабрга чейин абакта калтырган. Ал эми блогердин жактоочусу чечимге каршы шаардык сотко арыз менен кайрылган.

«Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 667