• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сот блогер Жекшеналиевге бүгүн да өкүм чыгарган жок

27 Жетинин айы 2023 17:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралды.

Бүгүнкү жараянда сот өкүм чыгармак, бирок отурум 4-декабрь 16:30га белгиленди.

Соттук чечимдин алдында Ырыс Жекшеналиевге акыркы сөз берилип, ал коюлган айыптар менен макул эместигин айтты.

«Айыптоо негизсиз, абсурддук иш. Менин үйүмдү Жапеков өзү барып, тинтүүгө алып, бир дагы далил тапкан жок. Мен бийликти басып алууга чакырык жасасам бир жөн, эч кандай кайрылуу кылган жокмун. Прокурор 15 айдан бери уялып, башын катып отурат. Камакта отурганда ден -соолугум кетти, ошол жагдайларды эске алуу менен адилеттүү чечим чыгарып берүүңүздү суранам»,-деди Жекшеналиев.

20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик айыптоо аны бул иш боюнча Ырыс Жекшеналиевди 7 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Буга чейин прокурор блогерди 6 жылга соттоону сунуштаган болчу.

Количество просмотров: 76