• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Созулган сот, окуудан айдалуу… Блогер Жекшеналиевдин маеги

19 Кулжа 2023 17:46 Бишкек Govori.TV

«Полит Узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев окуудан айдалуусу, созулган сот иштери тууралуу Govori.TVга комментарий берди.

20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө абагында эки ай отурган блогерди Бишкек шаардык соту өткөн жылдын 26-октябрында үй камагына чыгарган. Мамлекеттик айыптоо аны бул иш боюнча алты жылга эркинен ажыратууну суранган.

Жекшеналиев Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок Улуттук университет райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Убагында Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.

Количество просмотров: 130