• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот блогер Жекшеналиевдин окуусун улантууга уруксат берди

29 Баш оона 2023 17:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту блогер Ырыс Жекшеналиевдин Кыргыз улуттук университетиндеги (КУУ) окуусун улантууга уруксат берди. Мындай чечим бүгүн болгон соттук отурумда кабыл алынды.

Ал былтыр тергөө абагына камалганда ал билим алган КУУнун Юридика факультети сабакты «себепсиз калтырды» деген негиз менен окуудан чыгарууну чечкен. Жекшеналиев буга каршы сотко даттанып, мартта Ленин райондук соту анын арызын канааттандырган.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин, былтыр августта камалган. Ошол жылы 24-октябрда үй камагына чыгарылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 140