• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Шаардык сот Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимди өзгөртүүсүз калтырды

7 Бирдин айы 2024 15:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык соту активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча прокурордун апелляциялык арызын карап, Биринчи Май райондук сотунун актаган өкүмдү күчүндө калтырды.

Буга чейин райондук сот Ырыс Жекшеналиевди толук актаган.

Прокуратура райондук соттун активистти актаган чечимине каршы 8-январда Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти биринчи инстанцияга кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн.

Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 65