• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот блогер Жекшеналиевди актады

4 Бештин айы 2023 17:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралып, сот өкүм чыгарды.

Судья Мирбек Сатарбек уулу блогер Ырыс Жекшеналиевди актаган чечим чыгарды.

Ал эми блогер Ырыс Жекшеналиев акыркы сөз учурунда төмөндөгүлөргө токтолгон эле.

«Урматтуу судья, мага ушуну менен үчүнчү жолу акыркы сөз берилип жатат. Бир видеонун негизинде соттогон туура эмес деп ойлойм. 1-декабрда президент Садыр Жапаров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевден кечирим сурап, видео кайрылуу жолдодум. Бийликти басып алууга эч кандай чакырык жасалган эмес, күнөөм далилденген жок. Президент Садыр Жапаров өлкөдө саясий куугунтук жок деп айтканы бар. Ошол себептүү акыйкат чечим чыгарып берүүңүздү суранам»,-деген Жекшеналиев.

20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик айыптоо аны бул иш боюнча Ырыс Жекшеналиевди 7 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Буга чейин прокурор блогерди 6 жылга соттоону сунуштаган болчу.

Количество просмотров: 84