• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Шаардык сот журналист Бузумовду камакта калтырды

5 Бирдин айы 2024 15:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5 -февралда Бишкек шаардык соту журналист Жоодар Бузумовдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

«Оор берене менен камап коюшту. Журналисттердин кармалышы негизсиз жана мыйзамсыз. Үй камагына чыгарышыңарды суранам «,-деди Жактоочу Такенов.

Бузумов журналисттерге кыскача комментарий берди.

«Коюлган айып менен макул эмесмин. Журналисттер эл менен бийликтин ортосунда көпүрө. Башаламандык уюштурууга чакырык жасаган адамга айланып калганыбыз түшүнүксүз», — деди Бузумов.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 76