• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шаардык соттун алдына Бабановдун тарапташтары чогулду

22 Кулжа 2021 10:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык сотунда «Кумтөр иши» боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу анын адвокатынын арызы каралып жатат.

Ушул тапта соттун имаратынын алдына Бабановдун тарапташтары анын боштондугун талап кылып жатышат. Жараянга Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчероев, Нурбек Тотонов, Кенжебек Бокоевдер келгенин көрүүгө болот. Отурумга журналисттер киргизилген жок.

Бабанов 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка баргандан кийин кармалган. Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган мурдагы премьер-министр Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин камалган.

2011-2012-жылы премьер-министр болуп турган Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин четке кагып жатат.

Количество просмотров: 239