• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шаардыктардын сууга болгон карызы 152 млн сомдон көп

2 Тогуздун айы 202014:00 Бишкек Govori.TV

Сентябрь айына карата «Бишкексууканал» башкармалыгына дебитордук карыз 152 миллион 696 миң 995,92 сомду түздү.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 млн бюджеттик мекемелер, 90 миллиондон ашык шаардыктар карыз.

«Карантин башталгандан бери «Бишкексууканал» ишканасы сууну токтотпостон, шаарды ичүүчү суу менен камсыз кылып келди. Эң олуттуу карыз — болжол менен 57 миллион сом — Сокулук жана Аламүдүн райондорунун ишкерлерине жана айыл аймактарына таандык», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы карыздарды төлөөнү өтүнөт. Төлөбөгөндөргө ичүүчү суу берүүнү токтотулат.

Количество просмотров: 78