Шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, Бишкек шаарынын аймагында тышкы жарнак-маалымат каражаттарын жайгаштыруу жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында масштабдуу рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Рейддин жыйынтыгында Махатма Ганди көчөсү, Ч.Айтматов проспектиси Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин 50 жарнак жана 22 тротуар такталары алынды. Киев көчөсү, Манас проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин 60 жарнак конструкциясын, 11 көрнөк тактасын, 7 тротуарда жайгашкан такталар демонтаждалды.
Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери жарнамалык конструкцияларды алып салышкан.