Бишкек.25.12.2018.Govori.TV
Мурунку вице-премьер министр Аскарбек Шадиев сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөй турган болду. Бул чечимди бүгүн, 25-декабрда Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каимов кабыл алды.
Аскарбек Шадиевге бир нече фактынын үстүнөн кылмыш иши козголду.
Буга чейин, Шадиевге «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Буга быйыл жыл башында Жогорку Кеңештен Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык катары бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголгону себеп болгон. Мындан сырткары ага «чек араны мыйзамсыз басып өткөн»-деген кине коюлган.