• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шадиевдин баардык банктардагы эсептери камакка алынды

5 Бугу 2018 22:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек 5.05.18 Govori.tv

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, улук лейтенант У.Сарматов, Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин мал-мүлкүн жана банктагы эсептерин камакка алуу боюнча токтом чыгарды. Токтомдо Аскарбек Шадиевдин Кыргызстандагы баардык банктардагы эсептери камакка алынсын деп жазылат.

Коомчулукта эгер ушул банктын баарында эсеби болсо, анда эл өкүлү аябай бай экен деген пикир жаралды.

Эскерте кетсек Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев, Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгына бөлүнгөн 2 млн сомдон ашык акчаны өзүнө ыйгарып алган деп айыпталууда.

 

 

Количество просмотров: 5