• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шайлоо-2020: БШК Дастан Жумабековдун каттоосун жокко чыгаруу маселесин карап жатат

18 Аяк оона 2020 19:17 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду шайлоого катыштырбоону сунуштады. Учурда БШК жумушчу топтун аны каттоодон алуу боюнча сунушун жыйында карап жатат.

Жогорку Кеңештин төрагасы, шайлоого талапкер катары аттанган Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү бергени административдик ресурс катары кабыл алынып, коомчулукта талкууга түшкөн. 

Эске салсак, Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, акча фонддон бөлүнгөнүн айткан.

https://www.facebook.com/azattyk.org/videos/261967114908908/
Количество просмотров: 121