• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024
elections

Шайлоо-2020: Добушканаларда беткабы белгиленген адамдар пайда болгону айтылууда

4 Тогуздун айы 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Эртең мененки саат 8:00дө өлкө аймагындагы шайлоо участкалары ишин баштады.

Ал арада соцтармактарда билдирүүлөр тарап, партиялардын бири белгиленген беткапчан адамдарды шайлоого киргизип жатканы тууралуу маалыматтар айтылууда. Анда шайлоо участокторунда медициналык беткабына белги коюлган жарандарга даяр бюллетень берилип жатканы айтылууда.

Ал эми бул маалымат териштирүүгө алынаарын ИИМден билдиришти.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=3526528200741941&id=100001543883725
https://www.facebook.com/photo.php?fbid=3324776317639383&set=p.3324776317639383&type=3

Эске салсак, шайлоону 33 эл аралык уюмдарын өкүлдөндүргөн дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн 277 эл аралык байкоочулар, 77 жарандык коомдон жана 16 саясий партиядан турган байкоочулар байкоо жүргүзуп жатышат.

Шайлоодо 16 партия ат салышууда. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны – 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

Количество просмотров: 173