• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Шайлоо-2021: Акылбек Жапаровдун маалымат жыйыны болбой калды… Себеби?

28 Жетинин айы 2021 22:16 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун саат 22:00гө белгиленген маалымат жыйыны болбой калды. Бул тууралуу анын орун басары Эдил Байсалов «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«БШКдан так түшүндүрмө күтүп жатабыз. Ушул орган гана жыйынтык чыгарат» деп жазды Байсалов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштарды эсептеген системасы шайлоо тилкелери жабылгандан кийин бир канча жолу үзгүлтүккө учурады. Добушканалар жабылгандан кийинки эсепте партиялардын добуштарын кошуп эсептегенде 150% ашып кетип жаткан эле. Системадагы маалыматтар жаңылангандан соң бул көрсөткүч 89% түшүп, босого чектен өткөн партиялардын саны да кыскарды.

Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% чектен өттү.

Алдын ала жыйынтык боюнча алты партия беш пайыздык чектен өттү:

  1. «Ата-Журт Кыргызстан» — 16.93%
  2. «Ишеним» — 13,57%
  3. «Ынтымак» — 10,89%
  4. «Альянс» — 8,29%
  5. «Бүтүн Кыргызстан» — 6,78%
  6. «Ыйман нуру» — 6,04%

Шайлоодо бирдиктүү округдан 21 партия, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты.

Количество просмотров: 1213