• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдардан 110 талапкерди катталды

21 Тогуздун айы 2021 9:56 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдардан жалпы 110 талапкерди каттады. Боршайкомдун 20-октябрдагы маалыматына караганда, 36 бир мандаттуу округдан 335 адам документтерин толук тапшырган. 14 адам талапкерликтен баш тарткан.

Катталган талапкерлердин ичинде Айбек Осмонов, Тазабек Икрамов, Искендер Матраимов, Нурбек Алимбеков, Элмурза Сатыбалдиев сыяктуу Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары бар.

28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниети менен БШКга 381 адам кайрылган. 341и 150 миң сомдук шайлоо күрөөсүн төккөн.

20-октябрда саясий партиялардын Жогорку Кеңештин депутаттыгына партиялык тизме менен бара турган талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү аяктады. Бул аралыкта 54 талапкерден ашпаган тизмени 21 саясий партия берди.

Количество просмотров: 876