• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Бир мандаттуу округдан шайлоого катышкан талапкерлер эмнеге нааразы?

2 Бештин айы 2021 14:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-декабрда БШКда бир мандаттуу округдан шайлоого ат салышкан талапкерлер менен жыйын өтүп жатат. Ага Боршайкомдун төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров жана башка мүчөлөрү менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Биринчи май райондук округунан талапкерлигин койгон Мавлян Аскарбеков бир мандаттуу округдан шайлоого барган талапкерлердин маселесине көңүл бурулбай калганына токтолду.

«Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү убада кылган. Бирок коюлган талаптардын 50 пайызы гана аткарылды. Шайлоого партиялык тизме менен барган талапкердердин гана маселеси каралып, биздики көз жаздымда калып жатат. Ошол эле учурда бир мандаттуу округдардан депутаттарды шайлоодо мыйзам бузуулар болуп, тийиштүү чаралар көрүлгөн жок»,-деди ал.

Аскарбеков ошондой эле алар үчүн шайлоо алдында ММК аркылуу үгүткө берилген убакыттын тардыгына нааразы болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда соңку 16 жылда биринчи жолу бир мандаттуу округдардан депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Бул ирет Кыргызстанда түзүлгөн 36 бир мандаттуу округдардан жалпысынан 290дой талапкер ат салышкан. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек. Бирок анын жыйынтыгын чыгарууда маселе чыгып, БШКнын серверине байланыштуу териштирүү аягына чыга элек. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну «көз боёмочулук» деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда. Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, шайлоодо добуштар уурдалбаганын билдиришти.

Количество просмотров: 287