• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоо-2021: Босого чектен 6 партия өттү (жаңыланган маалымат)

28 Жетинин айы 202121:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Автоматтык эсептөөчү урналардан 21:00гө карата алынган маалыматка бир кыйла өзгөрүп, партиялардын арасынан 5 пайыздык босого чектен 6 партия өттү. Болжолдуу жыйынтык боюнча:

  1. «Ата-Журт Кыргызстан» (17,4%);
  2. «Ишеним» (13,7%);
  3. «Ынтымак» (10,95);
  4. «Альянс» (8,35);
  5. «Бүтүн Кыргызстан» (6,75);
  6. «Ыйман нуру» (6,04.)

Белгилей кетсек, АСУ эсеби шайлоонун акыркы жыйынтыгы катары эсептелбегендиктен маалымат толукталып турат. Учурда добуштардын 88,29 пайызы саналып бүттү.

Буга чейин БШКнын сайтынан алынган маалымат боюнча Жогорку Кеңешке 10 партия өткөн.

Количество просмотров: 9111