• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шайлоо-2021: БШК партиялардагы талапкерлердин санын чектеди

8 Аяк оона 2021 15:00 Бишкек Govori.TV

Алдыдагы парламенттик шайлоодо бир партияда талапкерлердин тизмесине чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, бир партияда талапкерлердин саны 54төн ашпашы керек.

“Мурда партиялардагы талапкерлердин саны 200 адамга чейин болчу. Алардын арасында шайлоо учурунда убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткон кызматткерлер дагы бар болчу. Бул административдик ресурс колдонууга алып келген. Ошондуктан биз тизмеде депутат болууну каалагандар гана болушу керек деп эсептейбиз. Анткени, 200 талапкердин арасынан чындап депутат болууну каалагандар 30-40 эле адам, калгандарына кызматтар берилип келген”, — деди ал.

Количество просмотров: 773