• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайлоо-2021: Коррупцияга каршы ишкердик кеңешине бузуулар боюнча 80 кайрылуу түштү

17 Жетинин айы 2021 13:43 Бишкек Govori.TV

Коррупцияга каршы ишкердик кеңешине шайлоо процессин бузуу жөнүндө 80 кайрылуу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда өткөн маалымат жыйында КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин аймактык өкүлү Бахрам Ашымов билдирди.

Ашымов билдиргендей, Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин аймактык өкүлдөрү шайлоо өнөктүгүнүн алкагында мыйзамдуулуктун сакталышына мониторинг жүргүзүп жатат.

«Биз буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте “Таза жана ачык-айкын шайлоо үчүн, өлкөнүн ар-намысы жана кадыр баркы үчүн” платформасын ишке киргизгенбиз, анда жарандар шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар боюнча кабар бере алышат. Бүгүнкү күндө жалпы 80 кайрылуу келип түштү”, — деди ал.

Количество просмотров: 87