• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шайлоо алдындагы үгүт иштери онлайн өтөт

5 Баш оона 2020 10:56 Бишкек Govori.TV

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин онлайн режимде өткөрүү негизги талап болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, БШК бул үчүн партияларга жана шайлоочуларга атайын маалыматтык ресурс иштеп чыкты.

«Биз тараптан партиялар менен шайлоочулар үчүн “Талапкер” жаңы маалыматтык ресурсу иштелип чыкты. Ресурска партиялардын программалары, жалпы маалымат жана партиялардан аттанып аткан талапкерлердин тизмеси жайгаштырылат», — деди Нуржан Шайлдабекова.

Ошондой эле Шайлдабекова үгүт убактысы 4-сентябрдан 3-октябрга чейин бир айга созула турганын кошумчалады.

«Бул шайлоо алдындагы кампаниянын эң активдүү мезгили. Үгүт иштери Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталып бүткөндөн кийин, шайлоого 30 күн калганда башталат», — деди БШКнын башчысы.

Количество просмотров: 75