• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоо бюллетендери басылып чыгып, аймактарга жеткирилет

24 Аяк оона 202020:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-сентябрда “Учкун” басмаканасында шайлоо бюллетендери басылып чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, бюллетендер жалпы шайлоочулардын санына жараша басылды.

«3 млн 523 миң 532 бюллетень басылып чыгарылды. Алар шайлоо күнүнө он күн калганга чейин чет өлкөлөрдөгү жана аймактардагы шайлоо бекеттерине жеткирилүүгө тийиш»,-деди Бекматов.

Количество просмотров: 192