• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: 2 депутат мандатын тапшырды. Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгы онлайн майрамдалат

28 Баш оона 2020 20:32 Бишкек Govori.TV


ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 128 кишиден аныкталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-августтагы брифингде билдиргендей, алардын көбү Жалал-Абадда. Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандар 43587ге жетти. Анын 37726 сы айыкты. 

БИШКЕКТЕГИ АЙРЫМ ЧЕКТӨӨЛӨР

Бишкектеги айрым чарбалык субъекттердин иши, ошондой эле коомдук унаанын иштөө тартиби өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева брифингде билдирди. Анын айтымында, шаардык жүргүнчүлөрдү ташыган транспорт (автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар) милдеттүү түрдө дезинфекциялоо жүргүзүп, таңкы 7ден 11ге чейин жана саат 14:00дөн 23:00гө чейин иштейт. Бул чаралар атайын токтом кабыл алынганга чейин, башкача айтканда Бишкек шаарынын аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин колдонулат жана менчигинин түрүнө карабастан бардыгы үчүн милдеттүү болуп саналат.

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛАТ

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 31-август  Эгемендик күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Мамлекеттик сыйлыктарды ала турган жарандардын тизмеси president.kg сайтына жарыяланды. Маалым болгондой, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкону, кесиптик ишмердүүлүгүндө жетишкендиктери үчүн сыйлыктар ондогон жарандарга ыйгарылат.

ЭГЕМЕНДИК МАЙРАМЫ ОНЛАЙН ӨТӨТ

«31-августта Ала-Тоо” аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанат өтүп, бирок ага эл чакырылбайт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, республикадагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам иш-чара онлайн түрүндө 10:00дө башталып, 11:00дө аяктайт.

БОРОНОВ МАМОРГАНДАРДЫН ИШИН СЫНДАДЫ

28-августта өкмөт башчы Кубатбек Боронов Бишкек Жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышуу учурунда сырттан көмүр ташып келүү иштериндеги кемчиликтер үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сындады.

ЭКИ ДЕПУТАТ МАНДАТЫН ТАПШЫРДЫ

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Жунус уулу Алтынбек жана “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Данияр Төлөнов мандатын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Аталган депутаттар алдыдагы парламенттик шайлоого аттанышат. Ал эми “БШК КРдин Жогорку Кеңешиндеги “Өнүгүү — Прогресс” парламенттик фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу менен “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Данияр Төлөновдун депутаттык ыйгарым укуктарын жазган арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган.

БШК ЖОГОРКУ СОТКО КАЙРЫЛАТ

БШК “Кыргызстан” партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, БШК “Кыргызстан” партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эмес.

ЖАШ ӨМҮРДҮ АЛГАН ЖОЛ КЫРСЫГЫ

Бишкек — Ош унаа жолунда катталган кырсыктан 9 жаштагы бала каза болуп, 5 киши жабыркады. Бул тууралуу Govori.TVга Чүй милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык 27-август күнү эртең мененки саат 9:30дар чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа каршы тилкеге чыга калып, Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги 2011-жылы туулган бала ошол жерде каза болуп, жеңил унаанын айдоочусу жана башка 4 жүргүнчү ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.



Количество просмотров: 413