• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Текебаев VS Келдибеков. Шайлоого ээликкен эскилер баратат…

22 Аяк оона 2020 17:58 Бишкек Govori.TV

ШАЙЛООДО №2 ФОРМА ЭМНЕСИ МЕНЕН КООПТУ?

Өлкөдө өтчү парламенттик шайлоого туура 12 күн калды. Бишкектеги көптөгөн шайлоо участокторунда добуш берүү үчүн «Форма-2 документин толдургандардын саны мурункуга салыштырмалуу абдан эле көп. Аталган документ  менен бүгүнкү күндө канча адам катталды?  Мыйзам бузуулар болдубу жана алар териштирилиши керекпи?

6-ЧАКЫРЫЛЫШТЫН ДЕПУТТАРЫ ЭМНЕ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ

Депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышып жатат. Тизменин жарымынан көбүн азыркы эл өкүлдөрү түзөт. Тактап айтканда, парламенттик шайлоого VI чакырылыштын 85 депутаты аттанды. Буга коомчулуктун пикири кандай? Сурамжылоо жүргуздүк….

 КЕЛДИБЕКОВДУН ВИДЕОСУ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы менен бирге шайлоого аттанган Ахматбек Келдибековдун Алай жергесиндеги үгүт иштеринде жаш жигит менен кайым айтышкан видеосу социалдык түйүндөргө тарады.

 ЭНЕРГОХОЛДИНГДИН БАШЧЫСЫ ДЕПУТАТТЫКТАН ТАЛАПКЕРЛИГИН АЛДЫ

“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айтмамат Назаров саясий бирикменин тизмесинен чыкты.  Ал талапкерлигин алуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 22-сентябрга карата 71 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 114ү айыкты. Каза болгондор катталган жок.

13 ЖАШТАГЫ БАЛА 2 КИШИНИ БЫЧАКТАДЫ

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 13 жаштагы бала эки кишини бычактады. Жабыркагандардын бири ооруканага түшүп, экинчисине амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 21-сентябрга караган түнү Жээк айылында тургундардын бири туулган күнүн белгилеген.

АБАКТА ГАМБУРГЕРГЕ КАТЫЛГАН БАҢГИЗАТ ТАБЫЛДЫ

Бишкектеги СИЗО-1 мекемесинин тергөө изоляторуна баңгизат киргизүүгө аракет кылышты. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, окуя 21-сентябрь күнү эртең менен болгон.

Количество просмотров: 201