• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Уурулукка шектелип кармалган жарандын жанынан 24 телефон табылган

16 Бугу 2022 16:24 Бишкек Govori.TV

Ошто уурулукка шектүү кармалып, анын жанынан 24 телефон табылган. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандардын мобилдик телефондорун уурдоого шектүу катары Ош шаарында убактылуу жашаган Өзгөн районунун тургуну 1985-жылы туулган У.М. кармалды.

Ал 13-май күнү Ош шаарында 28 жаштагы келиндин 13 миң 500 сомдук «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун сумкасынан уурдай качып, бирок изи сууй электе кармалган.

Аны кармаган учурда жанынан жабырлануучу келиндин телефонунан башка дагы 24 мобилдик телефондор табылган. Шектүү бул телефондордун Ош жана Бишкек шаардарынан уурдаганын билдирип, моюнуна алган. Ал телефондорду Кыргыз Республикасында башка жарандарга сатуу өзү үчүн кооптуу экендигин эске алып, коӊшу өлкөгө сатуу ниети бар болуп жүргөндүгүн билдирген.

Учурда шектүүнүн үстүнөн КР Кылмыш кодексинин 209-беренесинин («Аалдамчылык») белгилери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 735