• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шайлоо: Ошто журналисттердин ишине тоскоолдук жаратылды

11 Теке 2021 15:29 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы №5303 шайлоо участогунда «Ынтымак» телеканалынын кызматкерлерине шайлоону чагылдырууда тоскоолдук жаратылды. Ош ШИИБи окуяны териштирип жатат.

Телеканалдын журналисти Мимоза Жанибек кызынын айтымында, аларды милиционерлер УШКнын төрайымы Манзурохон Абдуллаеванын буйругу менен киргизишкен эмес. Анткени ага журналисттердин байкоочулардан мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу интервью алганы жаккан эмес.

«Бизге жашоочулардан №5303 шайлоо участогунда акча таратылып жатат экен деген чалуулар келген. Алар дагы укканын айтышкан. Абал кандай экен деп барганбыз. Кирсек элек бейөкмөт уюмдун мүчөсү бар экен. Ал бизге кайрылып, «ушул жерде башка партиянын талапкерлери кадимкидей эле жүрөт, төрайымга арыз менен кайрылсак кабыл албай жатат» деди. Ошентип интервью берип атканда төрайым бизди карап кирип кеткен. Эми интервью алып кирели десек, милиция кызматкерлери келип биз силерге киргенге уруксат бере албайбыз, төрайым уруксат берсе деп киргизишкен жок», — деди Жанибек кызы.

Журналисттин айтымында, ал Абдуллаевага анын аракеттери мыйзамсыз экенин айтып жатканда милиционерлер операторду сыртка чыгарып салышкан.

Количество просмотров: 95