• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шайлоо убагында партиялардын фонддорунун атайын эсептерине 668 864 906 сом түшкөн

4 Тогуздун айы 2020 19:09 Бишкек Govori.TV

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддорун каржылоо боюнча төмөнкү маалыматты билдирет.

Шайлоо мезгилинде саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 668 864 906 сом которулуп, 668 582 779 сом сарпталды.

1-таблица. Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат 03.10.2020-жыл (миллион сом).

Саясий партиянын аталышыКелип түштүЧыгымдалды
1«Биримдик» («Единство») демократиялык партиясы104,664104,664
2«Мекенчил»19,56519,565
3«Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы8,1928,192
4«Мекеним Кыргызстан»142,522142,503
5«Реформа»7,9007,890
6 «Ата Мекен» социалисттик партиясы52,83352,833
7«Замандаш»41,70841,708
8«Бүтүн Кыргызстан»9,4879,487
9«Социал-Демократтар»16,40516,404
10«Мекен Ынтымагы»7,4937,493
11«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»10,78810,788
12«Ордо»14,43014,430
13«Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы»50,32450,324
14«Республика»51,84851,848
15«Кыргызстан»123,919123,666
16«Чоң казат»6,7896,789
 БАРДЫГЫ, млн.сом:668,865668,583

Саясий партиялардын 2020-жылдын 3-октябрындагы финансылык отчетуна ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна жалпы суммасы 547,73 миллион сом акча каражаты келип түшкөн, анын 542,51 миллион сому мыйзамдарда белгиленген тартипте алынган.

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн саясий партиялардын шайлоо фондунан 521,794 миллион сом сарпталды, анын 80 миллион сому (15,3%) шайлоо күрөөсүн төлөө үчүн төлөндү. Акчанын көпчүлүк бөлүгүн саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерине сарпташты — 384,839 миллион сом (73,7%), анын ичинен телерадиоберүү уюмдары аркылуу үгүт жүргүзүүгө — 150,081 миллион сом (28,8%); мезгилдүү басылмалардын жана интернет-басылмалары аркылуу үгүт жүргүзгөндүгү үчүн — 108,861 млн сом (20,9%).

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунан пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы 21,303 миллион сомду түздү.

Количество просмотров: 76